Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин Төрайымы Соня Цвацл менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 23-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин Төрайымы Соня Цвацл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-австриялык эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары, парламенттер аралык аракеттенишүү жана башка актуалдуу эл аралык маселелер талкууланды.

Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин Төрайымы Соня Цвацл  коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга байланыштуу кыйынчылыктарды жеңип, Кыргызстанда демократияны чыңдоодогу жетишкендиктерди өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын түрдүү тармактарында жүрүп жаткан реформалар жана кайра түзүүлөр, тактап айтканда парламентаризмди өнүктүрүү тууралуу айтып берди.

“Бир нече жылдан бери Европа Кыргызстанга көз салып жүрдү. Европадагы беш мамлекетке келип кетүү туралуу чакырууну мен сиздердин колдооңуздар жана Кыргызстандын демократияны карай алган багытына ишеним катары кабыл алдым”, - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

2015-жыл 23-март