Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-француздук бизнес-форумга катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франция Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Париж шаарында Франция Республикасынын Ишкерлер союзунда уюштурулган кыргыз-француздук бизнес-форумга катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө 800 000 ашуун ишкананы бириктирген Франциянын Ишкерлер союзунун жетекчилери жана өкүлдөрү менен ошондой эле төрага Жан Бюрел менен жолуккандыгына сыймыктанаарын билдирди. Президент Кыргызстанда Францияга, анын тарыхына, адабиятына жана маданиятына өзгөчө сезим менен мамиле жасаарын белгиледи.

Бизнес-форумда сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жана Кыргызстандын экономикасынын келечектүү тармактарына токтолду.

Президент мамлекеттик органдар тарабынан Кыргызстандын экономика тармагындагы процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүп жаткан саясатын, коррупцияга каршы күрөштү, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги артыкчылыктарды белгилеп кетти.

Биз, Кыргызстан эркин элдин, эркин ишкерлердин мамлекети болушу үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз. Инвестор, ишкер Кыргызстанда өз өлкөсүндө жүргөндөй сезиши керек, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ишкерлерди текшерүүлөрдү азайтуу жана алардын ишмердигин либерализациялоо максатында укук коргоо жана күч органдарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө деп билдирди Президент.

Мамлекет башчысы мындай иш чаралар жыйынтыгын берди, үч жылдын ичинде мамлекеттин бюджетинин киреше бөлүгү эки эсеге көбөйдү, ал эми бажы төлөмдөрү үч эсеге өстү, деп баса белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун мамлекеттеринин жана Кытайдын рыногуна чыгууга «ачкыч» боло алат, ушуга байланыштуу, мамлекеттин келечекте Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышуусу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев француз ишкерлерин Кыргызстанга - эркин жана ачык экономиканы куруп, демократиялык принциптерди туу туткан мамлекетке инвестиция салууга чакырды.

2015-жыл 25-март