Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге Охотск деңизиндеги кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 2-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көп курмандыктарды алып келген Охотск деңизинде болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргызстандын элинин жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө кайрат кылууну өтүнөм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

2015-жыл 2-апрель