Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КМШ тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы катышуучуларга кыргыз жергесине кош келипсиздер деп, КМШ ТИМК жыйынын ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.

Президент ар кандай пикирлерге жана ишенбөөчүлүккө карабастан КМШ катышуучу-өлкөлөрдүн ар тараптуу интеграциясын өнүктүрүүдө Шериктештик механизмдери азырынча өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып бүтө элек деген ишенимин билдирди. “Мындай жолугушуу аянчалары абдан зарыл жана алмаштырылгыс”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле КМШ тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйыны жана бул жолугушуу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо алдында өтүп жаткандыгын белгиледи. “Биз бул майрамды кыйгап өтө албайбыз - аталарыбыз чогуу согушкан. Ушунун өзү бизге эң башкы нерсе - тынчтык жана туруктуулук экендигин дагы бир ирет эскертип турууга тийиш. Мен бул туурасында Европанын лидерлерине дагы айттым. Баарынан бийик турган нерсе - тынчтык. Өлкөлөр ортосунда тынчтыктан артык эч кандай кызыкчылык болушу мүмкүн эмес”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Украинадагы жана Молдовадагы курчуган кырдаалды Мамлекет башчысы эң маанилүү темалардын бири катары атады. Президент ортодо келип чыккан маселелерди дипломатия каражаттары, компромисстер жана келишимдер менен гана чечүү зарыл деп баса белгиледи.

2015-жыл 3-апрель