Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжа менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн түрдүү маселелери талкууланып, ошондой эле Уюмдун катышуучу-өлкөлөрү ортосундагы регионалдык коопсуздук тармагында мындан аркы кызматташуусунун перспективасы каралды.

2015-жыл 3-апрель