Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Непалдын Президенти Рам Баран Ядавка жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 27-апрелинде, Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаев Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасынын Президенти Рам Баран Ядавка кыйратуучу жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, ошондой эле бардык жарат алгандарга тезирээк сакайып кетишин каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле непал элине ушул оор учурда белди бекем бууп, кайраттуу болууну каалады.

2015-жыл 27-апрель