Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Банк системасы улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоодо жана мамлекеттин финансылык туруктуулугун сактоодо зор мааниге ээ. Калкыбыз жана ишкерлерибиз үчүн финансы ресурстарынын жеткиликтүү болушу сиздердин ишиңиздерге жараша болот.

Евразия экономикалык союзунун алкагындагы интеграция банк чөйрөсүнөн активдүү болууну талап кылат. Кыргызстандын банктары экономикалык өсүшкө өбөлгө болушу керек. Ошол эле учурда түзүлүп жаткан эл аралык мамилелердин жана интеграциялык процесстердин шарттарында жаңы экономикалык шарттарга  даяр туруу зарыл.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында банк системасына жана чакан финансылоо секторуна маанилүү милдет жүктөлгөн. Банктар тарткан финансы каражаттары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө – жаңы ишканаларды ачууга, жумушчу орундарын түзүүгө жана адамдар үчүн керектүү продукцияларды чыгарууга жумшалышы керек.

Урматтуу банк системасынын кызматкерлери!

Кыргызстандын улуттук экономикасын чыңдоо жылы сиздерге чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө. Финансылык-кредиттик системабызды өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле өлкөбүздүн инвестициялык жактан жагымдуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайсыздар деп ишенем.

Сиздерге чың ден-соолук, Кыргызстандын бакубаттыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                     Алмазбек Атамбаев

2015-жыл 9-май