Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кызыл аянтта Жеңиш парадына катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 9-майында, Москва шаарына иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев башка мамлекет башчылары менен Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган парадка катышты.

Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет, өкмөт жана эл аралык уюмдардын башчылары Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин бир минуталык аза күтүү менен эскеришти.

2015-жыл 9-май