Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө” Жарлыгына кол койду

Кыргыз Республикассынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө” Жарлыгына кол койду.

Жарлыкка ылайык, Жусуп Баласагын – кыргыз жана башка түрк элдеринин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өзгөчө барктуу инсан. Чыгыш мусулман кайра жаралуу доорунун залкар ойчулу, Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери мамлекеттик башкаруунун теориясына жана тажрыйбасына, түрк дүйнөсүнүн руханий асыл-нарктарын жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.

Карахандар каганаты өз курамындагы азыркы түрк элдеринин ата-бабалары руханий, маданий, экономикалык жана саясий өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен X-XII кылымдардагы эң ири мамлекет болгон. Улуу Кыргыз каганатынын доору
(IX-X кылымдар) менен катар эле карахандар доору да кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон жана тарых илими тарабынан бул доорду терең изилдөө талап кылынат.

Азыркы Кыргызстандын аймагында 60тан ашык шаар болгон. Карахандар доорунан бери сакталган архитектуралык белгилүү эстеликтерге Бурана мунарасы, Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазил көрүстөнү, Таш-Рабат кербен сарайы жана башкалар кирет.

Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору – Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги “Кутадгу билиг” (“Куттуу билим”) эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган. Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк элдери “Кутадгу билиг” эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептешет.

“Кутадгу билиг” Карахандар мамлекетиндеги адамдардын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндө бай маалыматтарды камтыгандыктан, башкарууну түрк элдеринин жана мусулман маданиятынын бийик руханий-адеп-ахлактык принциптери менен шайкеш келтирген, мамлекетти башкаруунун теориясы жана практикасы тууралуу энциклопедиялык трактат катары өзгөчө бааланат.

“Кутадгу билиг” эмгегинин автору мындан миң жыл мурда эле ар бир адамды өзүнүн диний ишенимдерин жеке тагдыры үчүн гана эмес, коомдун байгерчилиги, биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон жоопкерчиликке да шайкеш кылууга чакырган. Жусуп Баласагындын идеялары кыргыз мамлекеттүүлүгү чоң сыноодон өтүп, кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жаткан азыркы мезгилде да актуалдуу болууда.

Жусуп Баласагындын баа жеткис мурасын окуп-үйрөнүү Кыргызстандын материалдык маданиятынын эстеликтерин сактоого жана натыйжалуу пайдаланууга жакшы мүмкүндүк ачат. Алардын айрымдары – Улуу жибек жолунда жайгашкан Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Кызыл-Суу (Невакет) 2014-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилди. Карахандар доорунун мурастарын изилдөө жана жайылтуу Кыргызстандын элинин руханий жана маданий дөөлөттөрүн байытууга, ошондой эле  өлкөбүздүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө болууга тийиш.

Жусуп Баласагындын инсан катары зор тарыхый маанисин, анын түрк-мусулман маданиятын калыптандырууга кошкон чоң салымын, карахандар доорунун Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхындагы маанисин эске алып, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргызстандыктардын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн ойчулдун идеяларын жайылтуу максатында токтом кылынат:

1. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы 2015-2016-жылдары жогорку улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

2) Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин, анда төмөнкү багыттар каралсын:

– коомчулукта, биринчи кезекте жалпы билим берүү уюмдарында, жогорку окуу жайларында жана маданий мекемелерде улуттук жана эл аралык долбоорлордун, анын ичинде жарандык коом демилге кылгандарынын колдоосу менен кеңири маалыматтык жана агартуу иштерин өткөрүү;

– Кыргызстанга “Кутадгу билиг” кол жазмаларынын сакталып калган көчүрмөлөрүн алып келүүнү уюштуруу;

– “Кутадгу билиг” кол жазмасын азыркы кыргыз тилине жаңыча илимий которууну уюштуруу;

– илимий-изилдөө иштерин, тарыхчылардын, түркологдордун, филологдордун, философтордун жана саясат таануучулардын эл аралык конференцияларын өткөрүү;

– карахандар дооруна жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган китептерди чыгаруу, ошондой эле “Куттуу билим” китебин ар кандай курактагы окурмандар үчүн ыңгайлаштырып кыргыз, орус, англис тилдеринде даярдоо жана жаңы басып чыгаруу;

– жогорку окуу жайларынын окуу пландарына, биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын даярдоо боюнча окуу планына Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” китебинин идеяларына арналган темаларды иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында сабактарды өткөрүү үчүн методикалык куралды иштеп чыгуу;

– зарыл болгон реставрациялык жана башка иштерди жүргүзүп, ошондой эле тиешелүү туристтик маршруттарды иштеп чыгып  Бурана мунарасы республикалык архитектуралык-археологиялык музей-комплексинин, Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинин, түрк каганаттарынын башка эстеликтеринин базасында Түрк каганаттарынын тарыхынын музей комплексин түзүү;

– региондун жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жөнүндө илимди өнүктүрүү максатында, ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон карахандар доорунун эстеликтерин жана объекттерин табуу максатында Кыргызстандын аймагында издөө-изилдөө иштерин, археологиялык казууларды жүргүзүү;

– Мамлекеттик тарых музейинде жана өлкөнүн башка музейлеринде Жусуп Баласагын жөнүндө, ошондой эле Кыргыз жана Карахандар каганаттары жөнүндө экспозицияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;

– карахандар доору жөнүндө документалдуу фильмди жана Жусуп Баласагын жөнүндө көркөм фильмди тартуу;

– юбилейлик эстелик медалдарды жана тыйындарды чыгаруу;

3) Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чаралардын планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүүнү караштырсын;

4) Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы, Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Түрк академиясы жана башка эл аралык уюмдар менен бирге иштеп Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын жогорку эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча чараларды иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.

3. Жогоруда аталган чаралардын ичинен биринчи кезектегилерин жүзөгө ашыруу боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан 1 000 000
(бир миллион) сом Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондуна бөлүнсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 13-май