Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 13 -майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек  Малабаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына транспорт жана коммуникациялар министрлигинин учурдагы ишмердиги, ошондой эле  өлкөдөгү автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Министр Аргынбек Малабаев  республиканын түштүк аймагына жасаган  иш сапарынын жыйынтыктары туурасында айтып берди. Тактап айтканда министр «Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад» альтернативалык жолдун курулушунда жана Ош, Баткен облустарындагы стратегиялык автожолдордо жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн  текшерип келген.

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрлигине  пландаштырылган бардык жумуштардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу милдетин тапшырып, региондордун жана жалпы эле өлкөнүн өнүгүшү үчүн инфраструктуралык долбоорлордун өзгөчө маанисин баса белгиледи.

2015-жыл 13-май