Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик финансы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жанан өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2015-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө “теңге-тең” принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүүнү ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 13-май