Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларында адамдарды сактоодо жеке эрдик көрсөткөн жарандар менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларында адамдарды сактоодо жеке эрдик көрсөткөн жарандар менен жолугушуп, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин белек сааттары менен сыйлады.

Мамлекет башчысынын колунан төмөндөгүлөр белек саат алышты: Оморбек Акимбаев, Курманбек Ахмедов, Муззафар Исаков, Бактыкан Кубатбекова, Назира Мамытова, Карамат Нишанбаева, Абдумалик Султанходжаев, Токтокан Турганбаева, Бахадыр Холматов, Николай Шваба, Байгазы Эрматов жана Жакшыбай Жороев.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

«Урматтуу бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары!

Кымбаттуу мекендештер!

Бүгүн  жалпы элибиз 2010-жылдын июнундагы кайгылуу окуяларды  эскерип жатат. Байыркы Ош, Жалал-Абад жергесинде беш жыл мурда болгон каргаша өлкөбүздүн бардык булуң-бурчундагы мекендештерибиздин кабыргасын кайыштырып,  жүрөгүн оорутуп, жүлүнүн сыздатты.

Арадан беш жыл өтсө дагы, ошол каргашада набыт болгондорго таазим этип,  дайынсыз жоголгондорду терең кайгыруу менен эскеребиз.

Мындай  капсалаң, мындай кайгы – эгемендүү тарыхыбыздагы башыбызга түшкөн эң чоң сыноолордон болду.

Адамдын бийик касиеттери ушундай оор жагдайларда, катуу кагылыштарда сыналат.

Эзелтен кыргыз курамалуу эл болгон. Манас бабабыз: кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым, деп бекеринен айткан эмес. Биздин эң негизги байлыгыбыз – элдердин достугу, биримдиги жана ынтымагы.

Ынтымак, тынчтык  ар бир шаардан, ар бир көчөдөн, ар бир үй-бүлөдөн, ар бир адамдан башталат! Бүгүн биз ошол ынтымак, биримдик жана тынчтык үчүн күрөшкөндөрдү, элибиздин биримдигин сактап калгандарды сыйлап жатабыз!

Силер бар – мамлекетибиздин келечеги бар. Мен силер менен сыймыктанам. Сиздер менен жалпы Кыргызстан эли сыймыктанса болот!

Дорогие соотечественники!

По прошествии пяти лет многое становится явным. Уже ясно, кто был заинтересован в июньских событиях. Кто толкал людей в пропасть конфликта. Кто извлекал из трагедии политические дивиденды. Кто боится теперь народного гнева и пытается свалить вину на других!

Сравнивая, к чему приводят подобные события в других странах, мы вновь убеждаемся в мудрости народа Кыргызстана и верности выбранного нами пути. Наша страна продемонстрировала уникальный опыт локализации межэтнического конфликта за считанные дни, а затем восстановления мирной жизни и выхода на путь устойчивого развития.

В те дни весь  Кыргызстан пришел на помощь пострадавшим. Только из республиканского бюджета на эти цели дополнительно были выделены миллиарды сомов. Тысячи простых граждан во всех регионах страны ежедневно собирали и отправляли в зону бедствия гуманитарные грузы.

Разрушенное удалось восстановить. Но сложная и трудная работа по преодолению последствий трагедии продолжается и сегодня. К сожалению и сегодня немало тех, кто ради власти готов обманывать народ, сеять смуту и провоцировать конфликты. Но мир и благополучие в Кыргызстане не в состоянии обеспечить никто, кроме нас самих. Единство страны и народа начинается с каждого дома, с каждой улицы, с каждого села и города.

И сегодня мы награждаем именно таких людей, которые сохраняют и укрепляют единство народа Кыргызстана. Благодаря которым крепнет и развивается наша страна.

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерге кааларым Кыргызстанда дайыма тынчтык, ынтымак жана бейпил турмуш болсун. Ар бириңердин үй-бүлөңөргө жакшылык, ырыс-ынтымак каалайм. Силердин жасаган ишиңердин аркасы балдарыңарга, үй-бүлө мүчөлөрүңөргө тийсин. Жакшылык эч качан жерде калбайт. Жараткан дайыма ниети түз, дили таза адамдардын келечегин кең кылат.

Көп улуттуу курама элибиздин эң башкы байлыгы – эзелтен элибиз чогултуп, муундан муунга өткөрүп келаткан улуу мурас – улуттар ортосундагы ынтымак жана биримдик.

Бар бололу, бир бололу! Ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдейли!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бардык жакшылыктарды каалайм!».

2015-жыл 10-июнь