Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Коргоо кеңешинин катчысы менен  өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун негизги аспектилери, ошондой эле  коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча Коргоо кеңешинин чечимдеринин аткарылышы талкууланды.

Андан тышкары Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров  диний экстремизмге жана терроризмге  каршы  күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында  маалымат берди.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы  күрөштү мындан ары да күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин баса белгилеп, Коргоо кеңешинин катчысын  бул маселелерди кезектеги жыйында Коргоо кеңешинин  мүчөлөрүнүн кароосуна алып чыгууга милдеттендирди.

2015-жыл 17-июнь