Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп квартиралуу үйдү тапшыруу аземине катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында Куткаруучуларды даярдоонун мамлекеттик борборунда (КДМБ) жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп квартиралуу үйдү тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ӨКМ кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын куткаруучулар күнү менен куттуктады. Президент Алмазбек Атамбаев көп жылдык тарыхка ээ болгон Куткаруучуларды даярдоонун мамлекеттик борборунун  кызматкерлери акыркы 10 жылдын аралыгында 2000ден ашуун куткаруу иштерине катышкандыгын белгиледи. “Борбордун кызматкерлери  867 адамдын өмүрүн  сактап калышкан. 2006-жылы сиздер Нарын облусунун Кочкор районундагы   жана Ош облусунун Нура айылындагы жер титирөөлөрдүн кесепетинен жапа чеккен жарандарга жардам бердиңиздер. Борбордун  жеке курамы  Төө-Ашууда жана башка климаттык шарттары татаал региондордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылат”,- деди  Президент.

Мамлекет башчысы Борбордун  мааниси дүйнөдө дагы абдан зор экендигин белгиледи. ”Жыл сайын бул жерден даярдыктан өтүү үчүн 30дан ашуун  өлкөдөн куткаруучулар келишет. Биздин 15тен ашуун куткаруучуларыбыз “Кыргызстандын альпинисти” наамын алышты”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент  мындан бир жыл мурда, 2014-жылы  ӨКМ кызматкерлери үчүн ушул сыяктуу эле көп квартиралуу үйдүн ачылышы өткөрүлгөндүгүн эске салды. Ошондо  КДМБ кызматкерлери үчүн дагы бир 18 квартиралуу  үй куруу чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча өткөн жылы КР Мамлекеттик  чек ара кызматынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери  биринчи жолу квартира алышкан. Үстүбүздөгү жылы дагы аскер кызматкерлери үчүн көп квартиралуу бир топ үйлөр пайдаланууга берилди. Андан тышкары милиция кызматкерлери  жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн бир катар турак үйлөрдүн курулушун аяктоо пландаштырылууда.

“Кыргызстандын күч түзүмдөрү үчүн мындай масштабда үйлөрдүн курулушу  көптөн бери болгон эмес. Мунун өзү акыркы жылдары өлкөбүз алар туурасында камкордук көрө баштагандыгын ырастап турат. Кыргызстан бутуна туруп келатат. Биз биринчи кезекте  Мекенибиздин чек арасын коргогондорго, кыйын кезде аны коргоо үчүн тикесинен тик турчуларга, тынч мезгилде  элге кызмат кылгандарга  камкордук көрүү зарыл экендигин жакшы түшүнөбүз. Дал ушул куткаруучулар  жана аскер адамдары  кыйынчылык мезгилде  өлкөбүздүн жарандары үчүн кооз сөздөрдү айтпай, ураандарды кыйкырбай, митингдерди уюштурбай эле  өз өмүрүн курмандыкка чалууга даяр. Силер - чыныгы мекенчилсиңер”,-деп Президент ӨКМ куткаруучуларына кайрылды.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн аскер кызматкерлери үчүн турак жай маселесинин өзгөчө маанисин белгиледи. “Үй-бүлөлүүлөр үчүн үй зор мааниге ээ. Ошондуктан мамлекет  жарандарды, айрыкча аскер кызматкерлерин  турак жай менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууга тийиш”,-деди Мамлекет башчысы.

Президент куткаруучуларды жаңы конушу менен куттуктап, аларга бакыт-таалай, тынчтык жана ден-сооолук каалады.

Андан соң  Мамлекет башчысы КДМБ бир катар кызматкерлерин эмгекте жетишкен ийгиликтери, көп жылдык ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин белек сааттары менен сыйлады.

Ошондой эле Мамлекет башчысы  балдардын аянтчасын курулушуна каражат бөлүүгө буйрук берип, КР ӨКМ КДМБ территориясын жашылдандырууга  милдеттендирди.

Мааалымдама: 18 квартиралуу үйдүн курулушуна республикалык бюджеттен 21,5 млн. сом сарпталган. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин  буйругу менен КР ӨКМ КДМБ территориясындагы машыгуучу залга спорттук инвентарь сатып алуу үчүн 500 миң сом бөлүндү.

 
2015-жыл 1-июль