Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүнУлуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына финансылык жөнгө салуучунун ишмердигинин негизги багыттары, банк жана төлөм системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Кыргызстандын Улуттук банкы менен “Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун” финансылык мекемелердин жана ишкерлердин кыйла арзан жана узак мөөнөттүү кредиттерди пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу багытында өз ара аракеттенишүүсү боюнча чараларды дагы талкуулашты.

Мамлекет башчысы эл аралык финансылык рыноктордогу жана Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналган өлкөлөрдүн экономикасындагы кырдаалга Улуттук банктын мониторинг жүргүзүүсүнүн өзгөчө маанисин белгиледи. Президент улуттук экономиканы мүмкүн болчу тышкы шоктордон тобокелдерди мүмкүн болушунча азайтуунун маанисин дагы баса белгиледи.

 

2015-жыл 3-июль