Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Александр Лукашенкону Беларусиянын көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Президент Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысынын Кыргызстан менен Беларусиянын  ортосундагы достук жана союздаштык мамилелер мындан ары эки мамлекеттин элинин жыргалчылыгы үчүн өнүгөөрүнө ишеними билдирилет.

Алмазбек Атамбаев Александр Лукашенкого чың ден-соолук, бакубатчылык, ал эми боордош беларусь элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 3-июль