Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына салынган көпүрөнү ачуу аземине катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына Бишкек-Ош автожолунун 564-чакырымында салынган көпүрөнү ачуу аземине катышты.

Аземде сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы бүгүн республикадагы эң чоң көпүрөлөрдүн бири пайдаланууга берилип жатканын белгиледи. «Кыргызстан үчүн бүгүн биз ачып жаткан көпүрөнүн стратегиялык мааниси бар. Бул көпүрө кошуп турган жолдун узундугу 570 чакырымдан ашат жана ал өлкөнүн Жалал-Абад облусунан Ош, Талас жана Чүй облустары аркылуу өтөт. Бул жолду республика калкынын 60 пайызы пайдаланат.

Жалал-Абад элин, бардык мекендештеримди ушул көпүрөнүн ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көпүрөбүз ак жолтой болуп, көптөгөн жылдар бою кыргызга кызмат кылсын! Көпүрөбүз достуктун, береке, байлыктын көпүрөсү болсун!”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, 1969-жылы курулган мурдагы көпүрө да 46 жыл бою адамдарга кызмат кылды. “Бирок кийинки жылдары эскилиги жетип, аны менен катар 1998-жылы болгон жер титирөөдөн жабыр тартып,  чукул оңдоп-түзөөгө муктаж болуп калган эле. Алга бассаң жол арбыйт экен да, мына, бүгүн Көк-Арттын үстүндө жаңы көпүрө курулуп бүттү. Улуу акын Жеңижок:

Керилип кетмен чапканды айт,

Адал дүйнө тапканды айт,

Көпүрө салган балбанды айт,

Жол оңдогон адамды айт! - деп ырдаган экен. Анын сыңарындай, бул көпүрөнүн курулушуна Япониянын JICA эл аралык кызматташуу Агенттигинин салымы чоң. Долбоорлоо иштерине жана көпүрөнү курууга JICA 1 млрд. 118 млн. япон йенин, башкача айтканда, 12 миллионго чукул АКШ долларын бөлдү. Мына ушул каражат менен 2014-жылдын 16-майында көпүрөнү куруп баштаганбыз”, - деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Жалпы кыргыз элинин атынан Мамлекет башчысы Япония өкмөтүнө жана жалпы япон элине, JICA эл аралык кызматташуу Агенттигинин жетекчилигине чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык билдирди. “Көп жылдардан берки жемиштүү уланып келе жаткан биздин кызматташтыгыбыз ар дайым жаратмандыкка багытталып, кыргыз-япон элинин достугу бекемдей берсин!”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргызстан менен JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарына токтолду. JICA агенттиги Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жол-эксплуатациялык ишканаларына 23 түрлүү 100дөн ашык ар кандай техникаларды берди.  Жакында Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын жол-эксплуатациялык ишканалары үчүн дагы 360дан ашык техникалар келгени турат. JICA Ош-Баткен-Исфана автожолунун тилкесин калыбына келтирмек болду. JICA Бишкек-Ош жолунун айрым участокторун ар кандай жаратылыш кырсыктарынан сактоочу курулмаларды, узундугу 700 метрлик тоннель курат. Бул максаттарга JICA 11 млрд. 915 млн. япон йенин, же 116 млн. 470 миң. АКШ долларын бөлүп жатат. Кыргыз эли менен япон элинин ортосундагы достук, эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташуу туурасында кеп болгондо, япон өнөктөштөрүбүз бизди ар дайым колдоого даяр экендигин билебиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Элибизде: "Жолдо жаткан ташты алып коюу жакшы иш, ал эми жол, көпүрө салуу чоң сооп иш" деген жакшы кеп бар, - деди Мамлекет башчысы, - Көпүрөлөр жана жолдор элдерди жакындаштырат. Биз бири-бирибизге жакындашып, мамилебиз артат, Кыргызстандын элинин биримдиги чыңдалат. Ар бир адам “көпүрө” болгонго умтулушу керек. Эгерде эрегишкен эки адамды жараштыра алсаң, анда алардын ортосуна көпүрө болгонуң. Ар бир кыргызстандык достуктун, биримдиктин көпүрөсү боло алат. Чагымчылардын айынан кагылышуулар болгон өлкө түштүгүнүн жашоочулары үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстаныбыздын биримдиги үчүн ар бир жаран “көпүрө” болсо деп тилейм”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бирдиктүү жана ынтымактуу Кыргызстан бүгүн бутуна туруп келатканын белгиледи. «Бирок алдыда жасай турган иштерибиз көп. Мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн жапырт аракеттенишибиз керек. Биз адилеттүү мамлекет курууга багыт алдык. Ким бай болгусу келсе, ал ишкерликке өтүп, өз ишин ачсын. Мындан ары ушундай болот – өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкусу келгендер прокурор, сот, президент болушсун. Өз кезегинде мамлекет ишкерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп, узак мөөнөттүү насыялар менен камсыз кылат. Бирок экономикалык өнүгүүнүн негизи – бул инфраструктуралык объектилерди: автожолдорду жана темир жолдорду, көпүрөлөрдү куруу», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы эки жылдан кийин Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарын бириктирген стратегиялык инфраструктуралык долбоор - «Бишкек-Балыкчы-Казарман» альтернативдүү авто жолунун курулушу аяктаарын айтты. «Жакын арада ошондой эле регионалдык маанидеги ири транспорттук коридорлор курулат. Андан тышкары, темир жол куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биздин пландарыбыз ишке ашаарына ишенем», - деп сөзүн аяктады Алмазбек Атамбаев. 

 
2015-жыл 8-июль