Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2015-жылдын 1-жарымында (январь-июнь айларында) келип түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2015-жылдын январь-июнь айларында 5532 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

- жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 3888;

- коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 565;

- “ишеним телефону” аркылуу кайрылган жарандар – 593;

- коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар – 315;

- биринчи кыргыз радиосунун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн “түз эфирлери” аркылуу кайрылган жарандар – 171ди түздү.

Жарандардын кайрылууларынын тематикасы жана мүнөзү

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 3888 кайрылуулардын 3794ү Президенттин Аппаратына түшүп, алардын ичинен эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан – 1631(43,0%) жана Чүй областынын жашоочуларынан - 557(14,7%), келди.

Ошол эле мезгилде, Ош областынын жана Ош шаарынан – 448 (12,9%) Жалал-Абад областынан – 281 (7,4%), Ысык-Көл областынан – 275(7,2%), Баткен областынан – 148 (3,9%), Нарын областынан – 128(3,4%), Талас областынан – 82 (2,2%) жана КМШ мамлекеттеринен жана чет өлкөлөрдөн 204 (5,4%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 9 багытта болду:

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 1223 кайрылуу (31,4%);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөкпул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 464 (11,9%);

- турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 424 (10,9%);

- саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча- 353 (9,1%);

- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 154 (4,0%);

- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 141 (3,6%);

- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (проценти жок же төмөнкү проценттүү) - 113 (2,9%);

- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 93 (2,4%);

- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 83 (2,1%).

“Prezident.kg” жана “Pisma.kg” интернет-сайттарына келип түшкөн кайрылуулар

2015-жылдын январь-июнь айларында “President.kg” жана “Pisma.kg” интернет-сайттарына республиканын бардык региондорунан, КМШ мамлекеттеринен жана алыскы чет өлкөлөрдөн 834 жарандын электрондук кайрылуулары түштү, анын ичинде:

  • Бишкек шаарынан – 367 (же 44,0%);
  • Чүй областынан - 118 (14,1%);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан - 85 (10,2%);
  • Ысык-Көл областынан –48(5,7%);
  • Баткен областынан - 40 (4,8%);
  • Жалал-Абад областынан - 39 (4,7%);
  • Нарын областынан - 14 (1,7%);
  • Талас областынан - 9 (1,1%);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн - 114 (13,7%).

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 565 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында – 358 (63,4%), Ош шаарында – 207 (36,6%), “ишеним телефону” аркылуу 593 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Биринчи кыргыз радиосунун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн 10 “түз эфири” аркылуу 171 жарандын суроолору кабыл алынып, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

2015-жыл 9-июль