Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Өзүңүздүн кадырлуу агаңыз Калыбектин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул азалуу күнү кайгыңызды тең бөлүшүп, көңүл айтам. Ыйык Орозо айында маркумдун жаны жанатта болуп, топурагы торко болсун”,- деп  айтылат Казакстандын   Президентинин телеграммасында.

2015-жыл 9-июль