Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Сиздин агаңыз Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сиздин башыңызга түшкөн оор кайгыңызга байланыштуу чын дилимен чыккан көңүл айтуумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат Өзбекстан Республикасынын Президентинин телеграммасында.

 
2015-жыл 9-июль