Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Грузиянын Президенти Гиоргий Маргвелашвили Президент Алмазбек Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда, Грузиянын Президенти  Гиоргий Маргвелашвили Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Бир туугандан  айрылуу –  орду толгус оор жоготуу. Жакын адамдарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жалпы грузия элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө ушул оор жана кайгылуу  маалда чын дилимен көңүл айтам”, - деп белгиленет Грузиянын Президентинин телеграммасында.

2015-жыл 9-июль