Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Башкыртстандын Президенти Рустэм Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда, Башкыртстан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
“Орду толгус жоготууңуздун оор кайгысын тең бөлүшүп, чын дилимден көңүл айтам. Сизге, Сиздин туугандарыңызга жана жакындарыңызга күч-кубат, кайрат берсин”, - деп айтылат Башкыртстан Республикасынын Президентинин телеграммасында.

 
2015-жыл 9-июль