Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына иш сапары менен келди

Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын Уфа шаарына иш сапары менен келди.

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. ШКУнун кезектеги отурумунда Уюмдун алкагында мындан ары өз ара аракеттенишүү маселелери, ошондой эле аны өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланат.

 
2015-жыл 9-июль