Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумуна катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын Уфа шаарына иш сапарынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумуна катышты.

Отурумдун жүрүшүндө Мамлекет башчылары  ШКУ алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн түрдүү маселелерин талкуулашты.

Андан соң ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отуруму кеңири курамда улантылды.

2015-жыл 10-июль