Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июлунда, Түркмөнстандын  Президенти  Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

 “Ушул оор учурда  Сизге кайрат, күч-кубат каалайм. Сиздин бардык туугандарыңызга жана  жакындарыңызга чын дилимен чыккан көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин телеграммасында.

2015-жыл 10-июль