Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

”Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Президент Алмазбек Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июлунда, ”Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы  Алексей Миллер Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге  агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
 

“Сиздин кабырга кайыштырган аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз, таанып-билгендердин терең урматтоосуна татыктуу инсан дүйнө салды. Башыңызга келген оор кайгыны кайраттуулук менен жеңериңизге ишенебиз”, - деп айтылат ”Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасынын телеграммасында.

2015-жыл 10-июль