Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын Уфа шаарына иш сапарынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Уфа шаарындагы отурумун мыкты уюштургандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы  ШКУнун Саммитине даярдык көрүү боюнча россиялык тараптын жүргүзгөн масштабдуу ишин белгиледи.

Кол коюлуп жаткан  маанилүү документтерден Президент Уфа декларациясын  баса белгиледи. “Документ өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө умтулууну,  ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин регионалдык жана эл аралык  актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү позициясын толугу менен чагылдырат”, -деп билдирди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев ушул Саммит Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүгүү тарыхындагы жаңы баракты ачып жаткандыгына ишенимин билдирди. “Бүгүн биз Уюмду кеңейтүүнүн  жол-жобосунун башталышы тууралуу тарыхый чечим кабыл алууга тийишпиз. Кыргызстан  Индия менен Пакистанды ШКУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу жол-жобосунун башталышы жөнүндө  тарыхый чечимди колдойт.  Кыргыз тарап  ошондой эле  Беларусияга  байкоочу-мамлекеттин статусун, Азербайжанга, Арменияга, Непалга жана Камбоджага  ШКУнун диалог боюнча өнөктөш статусун  ыйгарууну туура көрөт. Мындай кадамдар биздин Уюмубуздун жалпы саясый жана экономикалык потенциалын кыйла күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди Президент. 

Мамлекет башчысы  ШКУну кеңейүү процессинин башталышы менен Уюмдун алкагында биргелешип иштешүүнүн жаңы саясый жана экономикалык шарттары калыптана баштайт деп белгиледи. “Ушуга байланыштуу Уюмдун ишинин жаңы реалдуулуктарга  ыңгайлашуусу, биздин перспективалуу милдеттерибизди толуктап, бышыктоо маселелери алдыңкы планга чыгат. Бул жагынан алганда  бүгүн кабыл алынып жаткан  2025-жылдарга чейин ШКУну өнүктүрүүнүн Стратегиясы алдыдагы он жылдыкка ШКУнун ишмердигинин негизги багытын чагылдырган негизги документ катары каралып жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент 2015-жылы экинчи дүйнөлүк согушта фашизмдин үстүнөн  болгон Жеңиштин 70 жылдыгы  жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлүшүнүн 70 жылдыгы белгиленгендигин эске салды. “Жеңиштин 70 жылдыгына байланыштуу бүгүн биз кабыл алып жаткан Билдирүү   бул масштабдуу трагедиядан сабак алып, биргелешип, азыркы оомал-төкмөл заманда тынчтыкты сактоого чакырып турат”,-деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Президент өз сөзүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселесин дагы козгоп кетти. Алмазбек Атамбаев  ШКУну түзүп жатканда коопсуздукту камсыз кылуу маселелери  негизгилерден болгондугун эске салып, ал маселелер  эң приоритеттүүлөрдүн катарында калууга тийиш деген  пикирди билдирди. “Өткөн отурумдан бери  региондо жана жалпы эле дүйнөдө  кырдаал өзгөрдү, туруксуздуктун жаңы очоктору пайда болуп, радикалдуу-экстремисттик уюмдар кыйла жандана баштады. Бул жагынан алганда ШКУнун алкагында коопсуздукту бекемдөө багытындагы иштерди активдештирүү зарылчылыгы өсүп жатат. Кыргызстан мурдагыдай эле, Афганистанда тынчтык, туруктуулук болушуна кызыктар жана Афганистан Өкмөтүнүн  өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга, демократиялык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук пландарын ишке ашырууга багытталган аракеттерин кубаттайт”,- деди Президент.

Мамлекет башчысы баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн өсүшү региондогу  туруктуулукту  жана коопсуздукту сактоого коркунучтардын бири экендигин баса белгиледи. “Биз кабыл алып жаткан баңгикоркунуч проблемасы боюнча Билдирүү жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ШКУнун Конвенциясынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу Чечим  ШКУнун алкагында биргелешкен күрөштү улантууга жана аны күчөтүүгө чечкиндүү даярдыгыбызды далилдеп турат”,-деп белгиледи Алмазбек Атамбаев. 

Бекитилип жаткан ШКУну өнүктүрүүнүн Стратегиясы боюнча кеп кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев документте өз ара ишенимди арттыруу жана жакшы коңшулаштыкты бекемдөө, канатташ чек араларды “түбөлүк тынчтыктын жана достуктун чек арасына” айландыруу ШКУ мүчө-мамлекеттеринин негизги максаттарынын бири катары  аныкталгандыгын баса белгиледи. “Бүгүн ШКУ мүчө-мамлекеттеринин чек ара маселелери боюнча кызматташуусу жана өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө  Макулдашууга кол коюуну биз  бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири катары карайбыз”,- деди Президент.

Андан тышкары Мамлекет башчысы  2014-жылы Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн ШКУнун Саммитинин жүрүшүндө Кыргызстан  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу негизде  чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө жөнүндө макулдашууну иштеп чыгып, кол коюу демилгесин көтөргөндүгүн эске салды. Президент мындай макулдашуу Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда  кол коюлуп, эки мамлекетте тең ратификациялангандыгын белгиледи. Алмазбек Атамбаев  Кыргызстандын башка кошуналары тарабынан дагы бул демилге колдоого алынат деген ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, ШКУ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык кызматташууну натыйжалуу өнүктүрүү региондогу туруктуулуктун жана коопсуздуктун маанилүү аспектилеринин бири.  Бул маселе боюнча Мамлекет башчысы соода-экономикалык  чөйрөдөгү макулдашууларды  тездетип ишке ашырууга чакырды.

Президент долбоордук ишмердикти финансылык жактан коштоо жана экономикалык кызматташуу Программасын аткаруу үчүн ШКУнун өзүнчө финансылык институтун түзүү биринчи кезектеги милдеттердин бири  болуп саналат деген пикирин  ачыктады. ”Конкреттүү жыйынтыктарга жетишүү үчүн биз Өкмөттөрүбүзгө  ШКУну өнүктүрүү Банкын жана өнүктүрүү Фондун түзүү тууралуу маселени толуктап иштеп чыгуу боюнча катуу тапшырма беришибиз керек. Кытай тараптын “Жибек жолунун экономикалык  алкагын” түзүү тууралуу демилгесин биргелешип ишке ашыруу ШКУ мейкиндигинде соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө  мүмкүнчүлүк берет деп  биз ишенебиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы россиялык тарап Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумун  ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгиледи.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумунуну жыйынтыгы менен төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1.           ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Уфа декларациясы.

2.           2025-жылдарга чейин ШКУну өнүктүрүү Стратегиясын бекитүү жөнүндө ШКУ  мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

3.           2016-2018-жылдары терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштө  ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын кызматташуу Программасын бекитүү жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

4.           Индия Республикасын Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчөлүккө кабыл алуу жол-жобосунун башталышы жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

5.           Пакистан Ислам Республикасын Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчөлүккө кабыл алуу жол-жобосунун башталышы жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

6.           ШКУнун өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу Шанхай Кызматташуу Уюмунун Башкы катчысынын докладын бекитүү жөнүндө  ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

7.           ШКУнун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2014-жылдагы ишмердиги тууралуу Шанхай Кызматташуу Уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин докладын бекитүү жөнүндө  ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

8.           Шанхай Кызматташуу Уюмунун Башкы катчысынын жөнүндө  Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

9.           Шанхай Кызматташуу Уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Аткаруу комитетинин Директору жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

10.  Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча  Шанхай Кызматташуу Уюмунун Конвенциясынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

11.  Беларусь Республикасына Шанхай Кызматташуу Уюмунун байкоочу-мамлекети статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

12.  Азербайжан Республикасына Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

13.  Армения Республикасына Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

14.  Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин чек ара маселелери боюнча өз ара кызматташуусу жана өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө  Макулдашуу.

15.  Непалга Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

16.  Камбоджага Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.

2015-жыл 10-июль