Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстан менен Индия дээрлик бардык маселелер боюнча толугу менен өз ара түшүнүштү"

Бүгүн, 2015-жылдын 12-июлунда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен кеңири курамдагы жолугушуусу болуп өттү.

Мамлекет башчысы ардактуу мейманды тосуп алып: “Бүгүнкү жолушуубузга жана Сиз менен  Кыргыз Республикасы жана Индия Республикасынын  ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын”, - деп билдирди  Мамлекет башчысы.

Президент Индиянын Премьер-министри менен тар чөйрөдө узак аңгемелешүү Кыргызстан менен Индиянын  көптөгөн маселелер боюнча көз караштары дал келишкендигинин далили экендигин белгиледи. “Дээрлик бардык маселелер  боюнча биз  толугу менен  өз ара түшүнүшүүгө жетиштик”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы индиялык тарапка Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик талаа госпиталына медициналык жабдуу тартуулагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин бүгүнкү сапарынан кийин Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бардык багыттар боюнча: экономикада да, маданиятта да, биргелешкен бардык ишмердиктерде дагы мамилелер активдешет. Биз регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкактарында активдүү кызматташабыз. Кыргызстан  мындан ары дагы Индия менен эл аралык уюмдардын алкагында, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо маселелери боюнча дагы кызматташууну чыңдай берет”, - деп Президент кыргызстандык ЖМК Индиянын БУУну реформалоо жөнүндө сунуштары жарыяланаарын кошумчалады.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев тар чөйрөдө жолугушуунун жүрүшүндө  жалпы Борбордук Азия регионунда туруктуу жана тынчтык жолу менен өнүгүү маселелери, анын ичинде Афганистанда стабилдүүлүктү бекемдөө маселелери дагы талкуулангандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге Индия Республикасын Шанхай Кызматташуу Уюмуна толук кандуу мүчө катары кабыл алынышы тууралуу маселени дагы козгоп өттү. Алмазбек Атамбаев  Уфа шаарында өткөрүлгөн ШКУнун Саммитинде  Индиянын  ШКУнун толук кандуу мүчөсү болушу жөнүндө сунушту Кыргызстан колдогондугун эске салды. “Индия  өлкөсү менен  бизди  көп нерсе байланыштыраарын билебиз. Индия биздин дос өлкөбүз. Индия алда качан эле биздин жүрөгүбүздү ээлеп алган, биздин муун индия фильмдеринин жана ырларынын таасири алдында өскөн. Биздин бабаларыбыз дагы Индиянын маданий өнүгүшүнө салым кошкон”, - деп баса белгиледи Президент.

Сөзүнүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев индиялык тарапка Индияга жооп иретинде келип кетүү тууралуу чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен Индияга расмий сапар менен баруу тууралуу чакырууну канааттануу менен кабыл алам”, - деди Мамлекет башчысы.

Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди өз кезегинде  Индия Республикасынын делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. “Кыргызстан менен Индия  жакшы мамиледе. Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр достук маанайда жана өз ара ишеним көрсөтүү негизде өткөнү муну ырастап турат”,-деди Нарендра Моди.

Индиянын Премьер-министри Кыргызстан  демократия жолу менен ишенимдүү бара жаткандыгын белгиледи. “Кыргызстан менен  Индияны бириктирип турган дагы бир байланыш мына ушул”,-деп баса белгиледи Премьер-министр.

Нарендра Моди  бүгүн Кыргызстанда  Индиянын  саясый ишмери Махатма Гандиге эстелик ачылып жаткандыгын эске салды. “Тынчтык жана гармония үчүн  өз өмүрүн курмандыкка чалган адамдын эстелиги ачылып жаткандыгы  бүт дүйнө зордукка, теракттарга жана терроризмге туш болуп жатканда Кыргызстандын биримдикке жана адамзаттын ишине берилгендигин айгинелеп турат”, - деди  ал.

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди ошондой эле  БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана  ШКУнун  толук кандуу мүчөсү катары Индиянын талапкерлигин колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди. “Кыргыз Республикасы дайыма бизди колдоп келген”, - деди Индиянын Премьер-министри.

Нарендра Моди кыргыз тарапка кыргыз-индиялык соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнүн Стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу сунушун киргизди. “Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бирок бүгүнкү күндө  соода жүгүртүүнүн деңгээли төмөн. Биз соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-индиялык кызматташууну  өнүктүрүүгө жана чыңдоого тийишпиз”, - деп сөзүн аяктады Премьер-министр.

 
2015-жыл 12-июль