Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Жараткандан ыйык Орозо айында - кечиримдүүлүктүн айында күнөөлөрдүн бардыгын кечирүүнү жана кыйноолордон арылууну суранам. Ылайым мусулмандардын ырым-жырымын, окуган куранын кабыл кылып, дүйнө мусулмандарына ар дайым тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү тартууласын.
Сизге ден-соолук жана ийгиликтерди, жалпы Кыргызстандын достук мамиледеги элине гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп белгиленет куттуктоодо.