Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Мамлекет армияга мамилесин түп тамырынан бери өзгөрттү»

Бүгүн, 2015-жылдын 20-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Кыргыз Республикасынын  Улуттук гвардиясынын № 708  оперативдүү багыттагы өзүнчө батальонуна Күжүрмөн Туу тапшыруу салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы  бүгүн Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери үчүн кош майрам экендигин белгиледи. “Мындан 23 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын түзүлгөн.  Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына жаңыдан  түзүлгөн аскердик бөлүгүнө Күжүрмөн Тууну тапшырып жатабыз. Кыргызстандын гвардиячылары ата-бабаларыбыздын даңктуу салттарын ыйык тутуп, татыктуу улантат деп терең ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардия демократиялык коомдо  эркиндиктин жана мамлекеттин көз карандысыздыгын символу. Ошондуктан Улуттук гвардиянын катарында кызмат кылуу   ар бир жоокер үчүн сыймыктуу иш болууга тийиш экендигин белгиледи. «Улуттук гвардия даңктуу салттарды улантып, калыптануунун жана өнүгүүнүн жолун басып өттү»,- деп баса белгилдеди  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары мамлекет  армияга карата мамилесин түп тамырынан бери өзгөрткөндүгүн баса белгиледи. “Акыркы кезде мамлекет Куралдуу Күчтөрүнө мамилени түп тамырынан өзгөрткөн. Өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдоо, армиябыздын күч-кубатын арттыруу  боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө. Аскер кызматкерлеринин айлык маянасы барган сайын көтөрүлүп, тиричилик талаптары, айрыкча турак-жай муктаждыктары канааттандырыла баштады. Аскер кызматкерлерине, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жаңы үйлөр салынып жатат. Курулуп бүткөн үйлөрдү четинен берип жатабыз. Биз мындан ары дагы  аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө ырааттуу колдоо көрсөтө беребиз”,-деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент  аскердик реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. “Аскердик реформа жүрүп жатат. Кыргызстандын  Куралдуу Күчтөрү бир борбордон – Генералдык штабдан башкарылып калды. Аскерлерди заманбап аскердик техника менен камсыз кылып жатабыз. Мындай кадамдар Кыргызстандын коргонуу жөндөмүн арттырат. Мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы 9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган  Москвадан өткөн Парадда Улуттук гвардиячыларыбыз Кыргызстандын намысын бийик көтөргөндүгүн өзгөчө белгилеп өттү. “Сиздер  Улуттук гвардиянын даңктуу салттарын мындан ары дагы татыктуу улантасыңар деп ишенем. Бүгүн тапшырылып жаткан Күжүрмөн Туу кандай кырдаалдар жана шарттар болбосун ар дайым  өзүнүн аскердик бөлүгүндө сакталат деп терең ишенем. Анткени Күжүрмөн Тууну кээде өзүңөрдүн өмүрүңөрдөн дагы артык кадырлоого милдеттүүсүңөр”,-деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы  бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөрдү урматтоого, аскердик кызматтын кадыр-баркын көтөрүүгө жетиштик деп ишенимдүү айтсак болот деди. “Анткени мамлекет бюджеттин ар кандай кыйынчылыктарына карабастан аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн зарыл шарттар менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат. Биз бул ишти жакшы жолго койдук. Эми бул иш токтотулбайт, ырааттуулук менен жүргүзүлө берет. Азыр армияда кызмат кылууну каалагандар көбөйгөндүгү кубандырат. Алардын катарында менин уулум да бар, ал келерки жылы аскердик кызматын өтөй баштайт. Мунун  өзү кыргызстандыктар өз армиясына ишене баштагандыгын ырастап турат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

  Президент кыргыз эли өз аскерлерин, Куралдуу Күчтөрүн эзелтеден “кол” деп атагандыгын эске салды. ”Аскери жок, армиясы жок элди колу жок адамга салыштырчу. Колу жок адам өзүнда, жакындарын да коргой албайт”,-деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы аскер кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эл аралык машыгууларга жана мелдештерге катышканда сыймыктанаарын жашырган жок. ”Бизде  өз милдетин аткаруу үчүн өмүрүн курмандыкка чалчу жоокерлер жана офицерлер бар экендигине сыймыктанам”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында  террористтик уюмдун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын бөлүгүнүн жоокерлери тарабынан өткөрүлгөн атайын операция тууралуу эске салды. “Куралчан бандиттер жашынган жерге тайманбай, жаракат алганына карабастан спецназдын төрт  жоокери кирип барышкан. Биринчи кирген жоокер үч ок жаракат алган. Эгерде ушул жигиттерибиз террористтерди жок кылбаса  эртеси борбордук аянтта жүздөгөн жарандарыбыз каза болмок”,- деп Алмазбек Атамбаев Иракта Орозо айт  күнү уюштурулган терактты мисал келтирди. 

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Мекен үчүн жооптуу кызматында ийгилик каалады.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын он аскер кызматкерин  Кыргыз Республикасынын Президентинин белек сааты менен сыйлады.

Андан тышкары Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жаңыдан түзүлгөн аскер бөлүгүнө компьютердик техника сатып алыш үчүн  500 000 сомдук  сертификат тапшырды.

 
2015-жыл 20-июль