Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 20-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын багыттагы жоокерлери тарабынан ишке ашырылган, анын жыйынтыгында террористтик уюмдун мүчөлөрү камакка алынган атайын операциянын кесепеттерин жоюу боюнча министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Кубатбек Боронов өрт болгон жердин жалпы аянты 2000 чарчы метр болгондугун маалымдады. Анын маалыматы боюнча  учурда жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жана келтирилген зыянды баалоо боюнча биринчи кезектеги иштер жүргүзүлүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев  Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан жапа чеккен үйлөрдү калыбына келтирүү жана ремонттоо үчүн 5 млн.сом бөлгөн. Мамлекет башчысы үч үйдүн курулушун тездетүү жана азыраак жапа чеккен үйлөрдү ремонттоону аяктоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновко  тапшырма берди.

Ошону менен бирге Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  калыбына келтирүү иштерин тездетип, жапа чеккен адамдарды убактылуу жашашы үчүн керектүү шарттарды түзүү маселелерин  ыкчам чечүүгө милдеттендирди. “Адамдарга зарыл болгон бардык жардамды бериш керек. Эч ким үй-жайсыз калбоого тийиш. Аны үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдар  бардык маселелерди ыкчам чечүүгө милдеттүү,” - деди Алмазбек Атамбаев.

 
2015-жыл 20-июль