Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Демократиялуу, укуктук өлкөдө мамлекет коомдук тартипти, мыйзамдын артыкчылыгын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү»

Бүгүн, 2015-жылдын 21-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматтык базасынын ачылыш салтанатына катышты.

Тасманы салтанаттуу кескенден кийин Президент Алмазбек Атамбаев атайын техниканын, транспорттун үлгүлөрү, Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматтык базасынын спорттук комплекси менен таанышып, КР ИИМ эксперттик-криминалисттик борборунун  имаратын көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө КР ИИМ Атайын полку 2014-жылды башында, мамлекеттүүлүк жылында түзүлгөндүгүн, мунун өзү жакшы жышаан экендигин эске салды. «Демократиялуу, укуктук өлкөдө мамлекет коомдук тартипти, мыйзамдын артыкчылыгын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү. Силердин алдыңарда жооптуу милдет – массалуу иш-чаралар өткөрүлгөн учурларда  коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу милдети турат. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы атайын багыттагы бөлүм түзүү менен биз коомдук тартипти коргоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулганбыз”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы Атайын полкко кызмат кылууга 1000ден ашуун  кызматкер кабыл алынганын айтты. “Кызматкерлердин айлык акылары 1-марттан тартып 30 пайызга көбөйтүлгөн. Учурда ИИМ Атайын багыттагы полку зарыл болгон заманбап жабдуулар, атайын каражаттар менен жабдылууда. Бүгүн биз чогулуп КР ИИМ Атайын багыттагы полкунун жеке курамы үчүн  иштөөгө да, дене тарбиясы жана кесиптик даярдык көрүүгө да бардык ыңгайлуу шарттары бар имаратты ачып жатабыз. Кыска убакыттын аралыгында курулган имарат сиздерге жакшы шарттарда иштөөгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев милициянын атайын багыттагы аскеринин элитасы болгондуктан, атайын багыттагы бөлүм республиканын борборунда укук тартибин камсыз кылуу менен гана алектенбестен, өлкөнүн башка региондорунда дагы бул милдеттерди аткараарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин социалдык жактан коргоого жана алардын социалдык статусун камсыз кылууга жана жогорулатууга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. “Мамлекет мындан ары ИИМ ишин жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлөт. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери турак-жай менен камсыз болушу  биз үчүн абдан чоң мааниге ээ”, - деп Алмазбек Атамбаев өлкөнүн региондорунда  аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн үйлөр курулуп жаткандыгын белгилеп өттү.

“Өлкөнүн Өкмөтү, парламенти  өлкөнүн күч түзүмдөрүн чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүүгө милдеттүү. Анткени мезгил өткөн сайын дүйнөдө абал абдан курчуп баратат. Жакында Бишкек шаарында болгон окуялар муну ырастап турат”, - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы борбордук аянтта айт намазда террористтик акт уюштурууну пландаштырган террористтерди оппозициядагы саясатчы  автоматтар жана керектүү нерселер менен камсыз кылып, көмөктөшкөнүн зээни кейип белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев баса белгилегендей, Кыргызстанда кырдаалды курчутууга умтулган күчтөр бар. “Алардын ою боюнча мамлекет мурдагыдай эле чабал, ошондуктан мыйзамсыз иштерин жасай беребиз деп ойлошот. Бирок бүгүн кырдаал өзгөргөн. Бизде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылчу  түзүмдөр жана органдар бар. Бишкекте өткөрүлгөн атайын операция буга мисал боло алат. УКМК кызматкерлери террористтерди зыянсыз кылып, трагедиялуу кесепеттерге жол берген жок. Бул абдан чоң  эмгек”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент милициянын ишине элдин ишенимин арттыруу зарыл экендигин белгиледи. Тилекке каршы акыркы кезде  коомдо милиция кызматкерлерине карата сын пикирлер көп болуп жаткандыгын баса белгиледи. ”ЖКК кызматкери ачык эле пара талап кылып жаткан акыркы окуя ИИМ кызматкерлери өздөрүнө талапты күчөтүүгө милдеттүү экендигин көрсөттү. Ачык айтайын, УКМК АККка силердин кызматкерлерге карата кылмыш ишин козгоп, бардык чараларды көргүлө деп мен тапшырма бергем. Президент тапшырма берет деп күтүп отурбастан, ИИМ жетекчилиги өз алдынча чара көрүүгө тийиш эле. Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ушул”, - деп Мамлекет башчысы КР ИИМ жол кайгуул кызматынын коррупцияланган кызматкерлерине карата катуу чараларды көрүү зарылчылыгын белгилеп өттү.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы милиция кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматтык базасынын ачылышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук жана жооптуу ишине ийгилик каалады.

Соңунда  Президент Алмазбек Атамбаев керектүү спорттук инвентарь сатып алуу үчүн 500 000 сомдук сертификат тапшырды.

 
2015-жыл 21-июль