Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө макулдашуунун беренелери ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода  жана өнүктүрүү банкы жөнүндө макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун  катчылыгына ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлөөгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 24-июль