Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган

Мыйзамдын максаты  коомдук коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.

Бул максатта Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине  төмөндөгүдөй   түзөтүүлөр киргилди:

-  террорчулук  же экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого тарткандыгы же аларды жасоого көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле жалданмачылык үчүн жоопкерчиликти караган 226-2 жана 375- статьялардын жоболору өркүндөтүлдү; 

- жаңы 226-4-статьяны киргизүү  менен  Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 24-июль