Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү журналисттер, саясат талдоочулар жана белгилүү медиаэксперттер менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 27-июлунда, Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү журналисттер, саясат талдоочулар жана белгилүү медиаэксперттер менен жолугушту.

“Суроо-жооп” түрүндө өткөн бул жолугушуу эки сааттан ашык уланды.

Жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берүү менен Мамлекет Башчысы быйылкы саясий жылдын жыйынтыктары, ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлор, кыргыз-америкалык мамилелердин азыркы абалы, кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, аймактагы геосаясаттык кырдаал жөнүндө өз оюн айтты, ошондой эле чакырылгандардын суроолоруна жооп берди.

Журналисттерди коррупция жана экстремизм менен күрөшүү, алдыдагы парламенттик шайлоо, Евразия экономикалык биримдикке кошулганга байланыштуу чек аралардын ачылышы тууралуу суроолор кызыктырды.

2015-жыл 27-июль