Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында 8 балдар аянтчасын ачууга колдоо көрсөттү

Бүгүн, 2015-жылдын 27-июлунда, Ош шаарынын Петров көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунда балдар аянтчасы ачылды.

Балдар аянтчасы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин колдоосу жана Ош шаарынын мэриясынын демилгеси боюнча ачылды. Бул долбоордун алкагында жакынкы айда Ош шаарында 8 балдар аянтчасы ачылат.

Балдар аянтчасын ачуу үчүн каражат Президенттик социалдык коргоо жана колдоо корунан бөлүнгөн.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышышты.

2015-жыл 27-июль