Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 28-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушту.

Жолугушууда Мамлекет Башчысы Кыргыз Республикасынын бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу маалымат алды.

Президент Алмазбек Атамбаев  жана Төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик демократиянын өнүгүшү, Жогорку Кеңешке шайлоолорду таза жана ачык өткөрүүгө багытталган республиканын шайлоо системасындагы жаңылыктар жөнүндө пикир алмашышты.

Мамлекет Башчысы жаңы саясий системанын – парламенттик демократиянын артыкчылыктарын көрсөткөн бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин тарыхый өзгөчө вазыйпасын баса белгиледи. «Бул система мамлекет менен коомдун ортосундагы мамилени ширелиштирет, ал эми Өкмөт менен Парламент толук кандуу бийлик бутактары болуп калышат. Бул болсо, бийлик менен оппозициянын ортосунда конструктивдүү мамиленин болушуна көмөк болуп, үзгүлтүксүз диалогду калыптандырат», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыда боло турган Жогорку Кеңешке шайлоолорду адилеттүү жана ачык өткөрүү менен болочок Парламенттин курамынын сапатын жакшыртуунун өзгөчө зарылдыгын баса көрсөттү.

Мамлекет Башчысы өлкөнүн өнүгүшү үчүн парламенттик демократияны мындан ары жакшыртуунун маанилүү экендигин белгиледи.

 
2015-жыл 28-июль