Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Малайзиянын ири ЖМКларынын өкүлдөрүнө интервью берди

Бүгүн, 2015-жылдын 29-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Малайзиянын ири жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө интервью берди.

Маектин жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү, улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн, анын ичинде өлкөнүн Евразиялык экономикалык бирликке мүчөлүгүнүн алкагындагы негизги багыттары, ошондой эле ар кыл тармакта жасалып жаткан реформалар тууралуу айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелердин абалы, келечеги, аларды өнүктүрүү жана кеңейтүү багытындагы суроолоруна да жооп берди.

Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелерди, биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү алаканы күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Интервью Малайзиянын «Bernama» мамлекеттик маалымат агенттигинин,  «Bernama TV», «News TV» телеканалдарынын жана «The Star» аттуу ири медиатоптун журналисттери үчүн уюштурулду.

 

2015-жыл 29-июль