Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам музей иши жөнүндө мыйзамдарды жакшыртууга,  ошондой эле Кыргыз Республикасындагы музей жана музей фондунун түзүлүшү, иштеши менен байланышкан коомдук мамилелерди толук жана ар тараптуу жөнгө салууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 29-июль