Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен расмий жолугушуу аземи “Манас” Эл аралык аэропортунда өттү.

Асабаларда Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу караул тизилип, эки мамлекеттин гимндери аткарылды. Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң Мамлекет башчылары “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясына сапар алышты.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүрүгүзүшөт, алардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу кыргыз-түркмөн документтерине кол коюлат. Ошондой эле Мамлекет башчылары тиешелүү билдирүү менен прессага кайрылышат.

 
2015-жыл 5-август