Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 5-августта “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында өлкөгө мамлекеттик визит менен келген Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар чөйрөдө жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, газ-транспорттук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-түркмөн кызматташуусу талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жогорку даражадагы мейманды жылуу кабылдап, Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келгендиги үчүн ыраазычылыгын айтты.

«Бул визиттен соң кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталат деп үмүттөнөбүз», - деди Алмазбек Атамбаев. Өз кезегинде Президент Гурбангулы Бердымухамедов Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу илгерилеп бараткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстандын элине Түркмөнстандын саясий жана экономикалык чөйрөдөгү, ошондой эле коопсуздук жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча демилгелерин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. «Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз ал мүмкүнчүлүктөрдү арттырабыз», - деген Түркмөнстандын Президенти Кыргызстан менен Түркмөнстан региондо гана эмес, дүйнөдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөөдө жалпы милдеттер менен максаттарга ээ экендигин айтты.

Тараптар Түркмөнстандын Президентинин визити Кыргызстан менен Түркмөнстандын эки тараптуу мамилелелерин өнүктүрүүгө жана арттырууга чоң түрткү берээрине ишенимин билдиришти.

Жолугушуу андан ары кеңейтилген форматта уланат.

 
2015-жыл 5-август