Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-августта мамлекеттик визит менен келген Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчысы жогорку даражадагы мейманды жылуу кабыл алып, Кыргызстандын эли ушундай жогорку деңгээлдеги визит менен келген Түркмөнстандын Президентин тосуп алууга кубанычта экендигин баса белгиледи. “Менин чакыруумду кабыл алгандыгыңызга ыраазычылыгымды билдирем. Сиздин бул визитиңизге биз абдан чоң маани беребиз. Мен өзүмдүн Түркмөнстанга болгон визитимди жылуу эскерем. Азыркыга чейин ак мрамордуу кооз Ашхабадды, Сиздин ак көңүлүңүз менен жылуу тосуп алганыңызды эстеп жүрөм. Биз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык каралган маселелер боюнча бир пикирге келдик. Биз Түркмөнстан менен түзүлгөн мамилелерди жана жеке Сиздин жылуу тууганчылык мамилеңизди абдан баалайбыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президентинин мамлекеттик визити эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин этаптуу учуру болооруна ишеничин билдирди. “Биздин мамилелер жаңы нукка түшүп, активдешет деген ойдомун. Сиз туура белгилеп кеттиңиз, өз-ара соода жүргүзүүнүн өсүшү 50 пайыздан ашты. Бардык регионалдык эл аралык  меселелер боюнча биздин пикирибиз бир экендиги кубандырат. Түрдүү эл аралык уюмдардын алкагында биз бири-бирибизди колдоп келүүдөбүз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле Мамлекет башчысы регионалдык жана дүйнөлүк зор мааниге ээ болгон Түркмөнстандын бейтараптуулугунун 20 жылдыгына карата Эл аралык конференцияга чакыруу үчүн да ыраазычылык билдирди.

Президент Түркмөнстандын элчилигин Кыргызстанда ачуу жөнүндө чечимди жылуу кабыл алып, кыргыз тарап дипломатиялык өкүлчүлүктүн ийгиликтүү иш алып барышына колдон келишинче колдоо көрсөтөт деп ишендирди.

“Түркмөнстан төмөн баа менен электр энергиясын берүүгө даяр деген Сиздин тууганчылык  сөзүңүзгө да ыраазычылык билдирем. Менимче, биз аны жеткирүү боюнча маселени чечебиз. Бул багыттагы биздин мамилелер абдан келечектүү. Биз азыр темир жолун куруунун да түрдүү варианттарын таклууладык. Түркмөнстандан Кытайга газтүтүгүнүн курулушуна биздин катышуубуз - биз үчүн маанилүү. Бизди алдыда албан-албан иштер күтүп турат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле туризм тармагындагы инвестициялык кызматташуу, маданий-гуманитардык алакаларды жандандыруу маселелерин козгоп, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө өлкөлөр окшош көз карашта экенин айтты. 

«Мен Сиздин визит менен келгениңизге абдан кубанычтамын. Сиздин визитиңиз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине шегим жок», - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов визит менен келүү тууралуу чакыруу, жылуу кабыл алууга жана меймандостук үчүн чын ниетинен ыраазычылыгын билдирди.

«Визиттин өтө жогорку статусу биздин Кыргызстан менен узак убакытка стратегиялык өнөктөш болууга чоң маани берерибиздин далили. Кызматташтыкты өнүктүрүүгө биздин тарыхый тамырыбыз, улуттук өзгөчөлүктөрүбүз да негиз болуп бере алат. Биз географиялык да, геосаясий да жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээбиз», - деди Гурбангулы Бердымухамедов.

Ал эки өлкөнүн эл аралык аренада жана эл аралык уюмдардын алкагында натыйжалуу өз-ара аракеттешүүсүн жана бири-бирине болгон колдоосун белгиледи.

«Сиз туура белгилегендей, тышкы саясий аренада биз бирдиктүү пикирдебиз. Региондо гана эмес, дүйнөдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөө - биздин негизги максатыбыз. Бул аракетти биз БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын колдоосунда ишке ашырып келүүдөбүз», - деди Гурбангулы Бердымухамедов.

Саясий алакаларга токтолгон Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын эл аралык аренадагы демилгелерине болгон колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал демилгелердин көпчүлүгү ишке ашты, алардын катарында энергетикалык коопсуздук тармагындагы демилгелер.

«Сиз белгилегендей, Түркмөнстандан Кытайга өтүүчү газ түтүгүн куруу бүгүнкү күндө  глобалдуу мааниге ээ.  Же дагы бир маселе – бул транзиттик транспорт коридорлору. Анын маанилүүлүгүн Сиз да белгиледиңиз.

Чыгыш менен батышты бириктирүү деген Сиздин идеяңыз бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн гана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн шарттабай, дүйнөгө да көп жакшылыктарды алып келет», - деди ал.

Түркмөнстандын Президенти терроризм, экстремизм жана бангизаттардын мыйзамсыз айланышы менен күрөштү жүргүзүүдө да биргелешкен аракеттин маанилүүлүгүн белгиледи.

 Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин ийгиликтүү башталганын, биринчи жарым жылдыкта товар жүгүртүүнүн 50% га өскөнүн, ошондой эле эки өлкө ортосундагы ишкер чөйрөлөрдүн алакасынын активдешкенин канааттануу менен билдирди.  

Кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.

 
2015-жыл 5-август