Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2015-жылдын 5-августунда кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин эки тараптуу кыргыз-түркмөн документтерине кол коюу аземи болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- 2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы  менен Түркмөнстандын ортосундагы достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Келишимдин ратификациялык грамоталары менен алмашуу тууралуу Протокол;

- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги  менен Түркмөнстандын министрлер Кабинетине караштуу Башкы Архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык өндүрүш министрлигинин ортосундагы кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- КРнын Улуттук илимдер академиясы менен Түркмөнстандын Илимдер академисынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Түрмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2016-2017-жылдарга  кызматташуу Программасы;

- КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2016-2017-жылдарга маданият жаатында кызматташуу жөнүндө Иш-чаралар планын бекитүү тууралуу Протокол;

- КРнын Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги менен Түркмөнстандын Айыл-чарба министрлигинин ортосундагы айыл-чарба жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

- КРнын Ысык-Көл областынын жана Түркмөнстандын Балкан велаятынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Келишим;

- КРнын Баткен областынын жана Түркмөнстандын Ахал велаятынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Келишим;

- КРнын Соода-өнөржай палатасы менен Түркмөнстандын Соода-өнөржай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги менен Түркмөнстандын Мамлекеттик агенттигинин ортосундагы дене-тарбия жана спорт жаатында кызматташуу Планы;

Аземдин жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы биргелешкен Билдирүүгө кол коюшту.

2015-жыл 5-август