Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 6-августта Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этишти.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Президент Гурбангулы Бердымухамедов тизилген Ардактуу караулдун жанынан Монументке карай өтүп, Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик желектеринин түсүндөгү лента тагылган гүлчамбар коюшту.

Гүлчамбар коюу аземи Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында өттү.

Аземге Кыргызстан менен Түркмөнстандын Өкмөт мүчөлөрү да катышты.

2015-жыл 6-август