Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Чек ара мамлекеттик кызматынын аскер кызматчыларына курулган турак үйдүн батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-августта Кыргыз Республикасынын чек ара мамлекеттик кызматынын аскер кызматчыларына 2026 аскер бөлүгүнүн территориясында курулган турак үйдүн батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Аземде сүйлөгөн сөзүндө мамлекет Башчысы жаңы батирлүү болушкан аскер кызматчыларынын 20 үй-бүлөсүн жаңы конуштуу болушу менен куттуктады. “Биз 20 аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кубанычтарына күбө болдук. Мен үчүн ушул аземге катышуу чоң кубаныч. Мен ар кимдин үйүндө жашоо кандай экенин жакшы билем жана өз турак үйүңө ээ болуу кандай зор кубаныч экенин түшүнөм», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент баса белгилегендей, ар бир адамдын жашаган үйү, иштеген иши болушу керек. «Бакыт деген эмне? Бакыт – бул күн сайын иштеген ишиңден ыракат алып, кечинде үйүңө кубанып, кайтып келүү. Эң башкысы ушул», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет Башчысы кийинки жылдары чек ара аскерин материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу, чек арачылардын эмгек акысын жогорулатып, аларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу боюнча көп иштер жасалып жаткандыгын белгиледи. «Быйыл дээрлик ай сайын күч тутумдарынын кызматчылары үчүн жаңы үйлөрдү же жаңы аскер шаарчаларын пайдаланууга бере баштадык.  Сентябрь, октябрь айларында жана келерки жылы да жаңы үйлөрдү куруу жана батирлердин ачкычтарын тапшыруу уланат. Акыркы жылдары биз күч тутумдары, анын ичинен чек арачылар үчүн акча аябоо керек экендигин түшүндүрө алдык. Ким өз аскерин бага албаса, ал башка аскерди багат», - деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Президент чек ара мамлекеттик кызматынын аскер кызматчылары катаал шарттарда: алыскы чек ара буктурмаларында, күнү-түнү менен, ысык-суукта тынчтыкты жана жарандарыбыздын бейпилдигин сактоодо кызмат кылышарын белгиледи. Ошондуктан, мамлекет Башчысынын пикири боюнча, аларга өзгөчө көңүл буруу керек.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевге жана Кыргыз Республикасынын чек ара мамлекеттик кызматынын төрагасы  Раимберди Дуйшенбиевге бул аскер бөлүгүнүн территориясында аскер кызматчылары үчүн дагы бир турак үйдү курууну тапшырды.

«Эң мыкты кадрларды чек ара мамлекеттик кызматына жөнөтүш керек. Тилекке каршы, аскер кызматында кызмат өтөө контракттык негизге  толук өтө элек. Бирок, мага билдиришкендей, мурдагы жылдарга салыштырганда кадрларды тандоодо проблемалар жокко эсе. Анткени кийинки беш жылда биз чек арачылардын айлыгын бир нече жолу көбөйттүк. Ошондуктан чек арачы болуу ардактуу эле болбостон, мында кызмат кылгандар турак жайлуу болушарын, үзгүлтүксүз айлык жана татыктуу пенсия алышарын биздин жарандар билүүгө тийиш», - деди Президент.

Мамлекет Башчысы Республикасынын чек ара мамлекеттик кызматынын аскер кызматчыларынын жакшы иштерин белгиледи жана чек арачылар мындан ары да үзүрдүү кызмат өтөп, мамлекеттик чек араны коргоону камсыз кыларына ишене тургандыгын айтты.

Мындан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулушуна байланыштуу чек ара тилкелерин тартипке келтирүү жана мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча көп иштер аткарыларын эске салды.

Мамлекет Башчысы чек арачыларды жаңы конуштары менен куттуктап, “өлкө чек арачылар жана аскер кызматчылары жөнүндө мындан ары да камкордук көрөрүн” баса белгиледи.

Сөзүн аяктаган соң Президент жаңы үйдүн жанында балдар аянтчасын куруу жана спорт шаймандарын сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чек ара мамлекеттик кызматынын төрагасы  Раимберди Дуйшенбиевге 500 000 сомдук сертификат тапшырды

2015-жыл 29-август