Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү.
 
Куттуктоонун тексти:
 
“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Сиздин жеткечилигиңиз менен өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүүүдө, анын эл аралык аброю өсүүдө. 
 
Россиялык-кыргыз мамилелер өз ара ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда ийгиликтүү жана туруктуу өнүгүүдө.  Кыргыз Республикасынын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу ар кыл чөйрөлөрдө мурдагыдан да тыгыз интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.  
 
Өз ара пайдалуу кызматташтыкты диверсификациялоо биздин өлкөлөрдүн элдеринин түпкү максаттарына жооп берет, Борбор Азия аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөт деп ишенем.
 
Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Республиканын жарандарына бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.
 
Урматтоо менен,
Владимир Путин”
2015-жыл 29-август