Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Франциянын Президенти Франсуа Олланд Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Франциянын Президенти Франсуа Олланд Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

«Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына байланыштуу Сизге жана Кыргызстандын  элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Быйыл Сизди Парижде кабыл алганыма өтө кубанычтамын. Мен биздин жолугушуу жөнүндө эң жакшы сезимдер менен эскерем.  Мен биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өнүгүп жана тереңдей беришин каалайм. 

Ошондой эле мен быйылкы жылдагы Кыргызстандагы саясий милдеттер Сиздер тандаган жолдун – плюрализм жана парламенттик демократия системасынын туура экендигин бекемдешин каалайм», - деп айтылат Франциянын Президентинин куттуктоосунда.

2015-жыл 29-август