Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бир катар өлкөлөрдүн Президенттери Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Бир катар өлкөлөрдүн Президенттери Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине  куттуктоо телеграммаларын жибергендер: Португалия Президенти Анибал Каваку Силва, Болгария Республикасынын Президенти Росен Плевнелиев, Хорватия Республикасынын Президенти Колинда Гарабар-Китарович, Таиланддын Королу Пхумипон Адульдет, Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодо, Мексика Кошмо Штаттарынын Президенти Энрике Пенья Ньето, Омандын Султаны Кабус Бен Саид.

Өз телеграммаларында мамлекет башчылары Президент Алмазбек Атамбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттукташып, Кыргызстан элине жыргалчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалашат.

2015-жыл 29-август