Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Балдар – бардык өлкөлөрдүн келечеги, бул жагынан Кыргызстан зор байлыктын жана мыкты болочоктун ээси”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 1 сентябрда, Билимдер  күнү  Бишкектеги А.Каниметов атындагы  № 1-интернат-гимназиянын салтанаттуу линейкасына катышты.

Мамлекет башчысы бардыгын жаркыраган жана  кубанычтуу  Билимдер күнү менен  куттуктады. “Бүгүн Кыргызстанда 107 миңден ашуун бөбөктөрүбүз өмүрүндө  биринчи жолу мектеп босогун аттап, билимдер дүйнөсүнө аралашып жатат. Бул балдарыбыздын өмүр жолунда жаңы, абдан маанилүү мезгил башталууда. Бүгүнтөн баштап мектепте өткөргөн ар бир күнүңөр жаңы ачылыштар менен коштолуп, унутулгус кубаныч тартууласын! Жолуңар ар дайым ачык болуп, билим дүйнөсүнө сапарыңар байсалдуу болсун!”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан үчүн өзгөчө күн экендигин белгиледи. “Билимдер күнү  Кыргызстанда Көз карандысыздык күнү белгиленгендин эртеси майрамдалышы абдан жакшы белги. Кыргызстан  – абдан жаш өлкө. Бизде мектепке чейинки жана мектеп жашындагы курактагы балдар калктын 36 пайызын түзөт. Балдар – ар бир өлкөнүн келечеги, бул жагынан Кыргызстан  зор байлыктын жана мыкты болочоктун ээси. Биздин жакшы балдарыбыз бар. Бирок алардын таланты балдарыбыз жакшы  тарбия жана билим алганда гана ачылат. Ошондуктан мугалимдер өз ишине жан-дили менен берилип, алдыда чоң милдет – жаңы муунду тарбиялоо иши тургандыгын терең түшүнүүгө тийиш. Балдарды жакшы көрүш керек. Бул жерде мектептин милдети зор”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Президент маселенин маанисин түшүнүп, мамлекет  Кыргызстандын балдарына сапаттуу билим берүүгө  каражат аябастыгына ынандырды. “Биз бул тармакка барган сайын улам көп каражат жумшай беребиз. Айрыкча  мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө, алардын айлык акыларын жогорулатууга, мугалимдерди турак-жай менен камсыз кылууга көп күч жумшай беребиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жакынкы эки жылдын аралыгында  авариялык абалдагы мектептердин  проблемасы толук чечилээрин кабарлады. “Жаңы 100 мектеп курулуп, авариялык абалдагы 100 мектеп ремонттон өткөрүлөт”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Бишкектеги  Абдылда Каниметов атындагы гимназия-интернатка токтолуп, Мамлекет башчысы  бул мектепте жаңы окуу жылында аймактардан келген балдар  билим алаарын белгиледи. Президент 2014-жылы Түркиянын фондунун көмөгү менен Бишкекте турмуштук кыйын жагдайга туш келген балдар үчүн мектеп ачылгандыгын белгиледи. “Бүгүн № 71-мектепте шаар боюнча абдан мыкты шарттар түзүлгөн”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары мамлекет башчысы  окуучуларды өлкөбүз боюнча экскурсияга алып баруу Кыргызстан балдары үчүн  абдан чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи. “11 жыл окуган мезгилдин аралыгында  алыскы аймактан келген окуучу  эң куру дегенде эки-үч облусту көрүүгө тийиш. Таласта “Манас-Ордого” барып, Сулайман тоодо же Арстанбапта болуп, Ысык-Көлдү, Чүй өрөөнүндөгү Караханиддер доорунун эстеликтерин  жана Өзгөндү көрүшү керек. Борбор шаарыбыз Бишкекте сөзсүз болушу керек. Аны үчүн биз көп иштерди аткарууга тийишпиз. Ички туризмди өнүктүрүү жагында да, шаарларды, айрыкча Бишкекти өнүктүрүү жана  көрктөндүрүү жагында дагы”,- деди Президент жакынкы аралыкта  өлкөбүздүн бардык аймактары  жаңы жолдордун тармагы менен байланыштырылаарын кошумчалады.

Өлкөбүздүн баш калаасы – Бишкек тууралуу маселеге токтолуп, Мамлекет  башчысы шаардыктарга тазалык жана тартип керек экендигин белгиледи. “Мэриянын жумушу биринчи кезекте  калк менен иштешүүгө байланыштуу. Шаардыктар  мэр Кулматовдун реформаларынын келечегине, мэр Кулматовго ишенмейинче иштен эч майнап чыкпайт. Силер эл менен иштешишиңер керек, алар ыраазы болушу керек. Өз кезегинде  шаардыктар дагы тазалыкты сактоого милдеттүү”,-деди Алмазбек Атамбаев.

“Мен дайыма таза иштеп, ачык айтууга көнгөм: эгерде жылдын акырына чейин Кубан Кенешевич, сиз шаарды тартипке келтирбесеңиз, анда  өз алыңызга жараша башка иш издешиңиз керек”,-деди Президент. 

Мамлекет башчысы баш калаабыздын автожолдорун ремонттоого  жакынкы үч жылдын аралыгында укмуштуудай көп каражат – 15 млрд.сом  жумшалаарын  маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев борборубузда  белгилүү театрлар, музейлер, заманбап эс алуу жайлары, заманбап архитектура бар экендигин эске салды. “Бирок  Кыргызстандын балдары өз өлкөсү жана анын борбору менен сыймыктанууга тийиш. Бишкек жогорку маданияттын жана заманбап технологиялардын үлгүсүн көрсөтүүгө милдеттүү”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы ушул ажайып күн, 1-сентябрь баарыбыз үчүн билим күнү гана эмес, жаркын үмүттөрдүн майрамы, жаңы турмуштун  башталышы болуп калсын деди. Президентбардыгын майрам менен куттуктап, узун өмүр, чың ден-соолук, бак-таалай каалады

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги А.Каниметов атындагы  № 1-гимназия-интернатка компьютердик техника, мультимедиялык жабдуу жана көркөм адабият белек тартуулады.

2015-жыл 1-сентябрь