Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев расмий визит менен Иранга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-сентябрда Иран Ислам Республикасына расмий визит менен келди.

Расмий визиттин алкагында Президент Алмазбек Атамбаев  Ирандын Президенти Хасан  Роухани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кыргыз-иран  эки тараптуу бир катар документтерге  кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мамлекет башчысынын Иран Межлисинин Спикери Али Лариджани жана ИИР Руханий лидери Али Хосейни Хаменеи менен жолугушуусу пландаштырылган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин  Иран Ислам Республикасына расмий визити эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы бардык деңгээлдеги  өз ара пайдалуу  кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган.

2015-жыл 4-сентябрь